Эрмекбай Омошев Манас районунун акими болуп дайындалды
19 март

Эрмекбай Омошев Манас районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Омошев Эрмекбай Алянович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.