Ак-Ордодогу бир туугандардын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар ачыкталды
Ак-Ордодогу бир туугандардын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар ачыкталды.
Укук коргоо органдары билдиргендей, кылмыш болгон жерден табылган кызыл кепка чындыгында ак түстө болгон. Ал толугу менен канга боёлуп калган.
Айыпталуучу тоноо үчүн үйдү кокусунан тандап алганын айтууда.
Ал турак жай комплексине саат 20:00дөр чамасында келип, түнкү саат 3:30дар чамасында үйгө кирген. Кол салуудан кийин шектүү жатаканага барып түнөп, эртең менен Боом капчыгайынын жанынан бычакты ыргытып, Ысык-Көлгө жөнөгөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ал киши өлтүрүлгөнгө чейин эки жума мурун Чолпон-Ата шаарында официант болуп иштеп, андан кийин жумушун таштап, Бишкекке көчүп келип, жатаканада жашаган.
Эскерте кетсек, 3-октябрга караган түнү 34 жаштагы кишини жана анын 36 жаштагы эжесин жеке үйлөрдүн биринде өлтүрүп кетишкен. Экөө тең бычактан көптөгөн жаракаттарды алышкан. Тергөөчүлөр 19 жаштагы И.С. үй-бүлөнү тоноо максатында кирип, алар каршылык көрсөткөндө экөөнү тең өлтүргөн.
Шектүү кылмыш болгон жерде жасаган аракети боюнча тергөөчүлөргө көрсөтмө берип, маркумдун жубайы анын өздүгүн тастыктаган.
Шектүү учурда тергөө абагында.
