Жээнбек Кулубаев Алматыда КМШнын кезектеги жыйынына катышты
11 апрель

Жээнбек Кулубаев Алматыда КМШнын кезектеги жыйынына катышты

Алматы шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-апрелде КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушууда делегация башчылары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШ алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясат, коопсуздук, ошондой эле сот-укуктук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын негизги аспектилери каралды.

Жолугушууга катышуучулар КМШнын Өкмөт башчылары кеңешинин жана Мамлекет башчылары кеңешинин алдыдагы жыйындарында бекитүүгө коюла турган бир катар документтерди жактырышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында быйылкы жылдын 9-октябрында Тажикстандын Душанбе шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды.