Чукул билдирүү! Унаа жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызстандын тоолуу райондорунда бүгүн, 19-марттан 23-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
Тактап айтканда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 222-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Андыктан ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет жана жарандарды алыска сапар албай турууга, коопсуздук эрежелерин камсыз кылууга чакырат.
