Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды
19 март

Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

КР УКМК тарабынна текшерүү иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш а/а жайгашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды.

2005-жылы жогоруда аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси мыйзамсыз түрдө Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. (2003-жылы Ош шаарынын мэри болгон) тарабынан менчиктештирилген.

Көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш а/а Советская айылы, Новая көчөсү №19а үй дарегинде жайгашкан, аянты 0,53 га, колдонууга жарактуу аянты 1094 кв.м болгон бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган бала бакча 2025-жылдын 14-мартында «Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө» келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.