Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери жолукту
Бишкекте бүгүн Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Россиянын коргоо министри Андрей Белоусовдун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет
Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы аскердик кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Эске сала кетсек, Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Бишкек шаарына Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн келди.
