Оштогу  Т. Сатылганов атындагы эс алуу багы жана спорт шаарчысынын айланасы иретке келтирилет
19 март

Оштогу Т. Сатылганов атындагы эс алуу багы жана спорт шаарчысынын айланасы иретке келтирилет

Бүгүн, 19-март күнү таң эрте менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын кыдырды.

Шаар башчысы бакты көрүп чыгып, анын аймагын иретке келтирүү менен бирге бактагы аттракциондордун, чарбалык жана коммерциялык курулуштардын сырткы көрүнүшүн жаңылоону, таштандылардан тазалоону, ижарага берилген соода жайлар боюнча маселелерди карап чыгууну тапшырды.

Мэр ошондой эле Мээрим сейил багын, А.Орозбеков көчөсүндөгү спорт шаарчысынын аймагын да текшерип, бул жерде дагы иретке келтирүү жана аймакты тазалоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын койду.