Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Жабыркагандар жок
9 сентябрь

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Жабыркагандар жок

Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Кырсык 8-сентябрда катталган. 

Жалынды өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Тилсиз жоо 22:56да чектөөгө алынып, саат 23:21де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.