Ош шаарында дагы бир көчө капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Ош шаарындагы дагы бир көчө капиталдык оңдоодон кийин ачылды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, Маатов көчөсүн (Алымбек Датка көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки аралык) асфальттоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты.
Бул көчөнүн жолуна асфальт төшөлүп, тротуар курулду жана лотоктор орнотулду.
