Угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды
6 ноябрь

Угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук госпиталдын базасында Катар Мамлекетинин адистери менен биргеликте кохлеардык имплант коюу операциялары ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Операциялар толугу менен акысыз негизде жасалды. Өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген алты чоң адамга угуу жөндөмүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Операцияларды өткөрүү үчүн керектүү материалдарды катар тарап камсыздады.

Улуттук госпиталдын дарыгерлери катарлык кесиптештери менен биргеликте кохлеардык имплантация жаатында өз кесиптик чеберчилигин жогорулатып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Маалымат катары: Кохлеардык имплантация – бул угуу жөндөмүн олуттуу деңгээлде жоготкон адамдардын угусун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жогорку технологиялык хирургиялык ыкма.