Ош: Навои эс алуу багында мыйзамсыз крулуштарды бузуу иштери уланууда
Ош шаарынын мэриясы эс алуу багындагы 11 коммерциялык багыттагы курулуштардын жер аянттарын кайтарып алуу боюнча бардык соттук жараяндан утуп чыккан.
Эскертүүлөргө карабастан курулуш ээлери имараттарды бузуп алуу иштерин жүргүзбөй келишкен. Алардын ичинен жетиси Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган.
Азыркы учурда аталган 11 имаратты бузуп алып салуу иштери жүрүүдө. Менчик ээлеринин арасында бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин да мүлктөрү бар.
