Кыргызстан менен Тажикстан гендердик теңчилик жаатында тажрыйба алмашты
9 сентябрь

Кыргызстан менен Тажикстан гендердик теңчилик жаатында тажрыйба алмашты

Бишкек шаарында 8-сентябрда КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаеванын Тажикстандан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапардын максаты гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жаштарды социалдык демилгелерге тартуу жаатында тажрыйба алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эмгек министрлигинин кызматкерлери конокторду мыйзамдык база, ченемдик укуктук актылар, мыкты тажрыйбалар жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын колдоо механизмдери менен кеңири тааныштырды.

Делегация "Ишеним телефонунун" иши, аялдардын лидерлик программалары, КРнын жаңы Эмгек кодексинин жаңылыктары, ошондой эле жакында кабыл алынган майыптуулук маселелерин жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзам менен таанышты.

Тажикстандын өкүлдөрү Кыргызстандын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуудагы тажрыйбасын жогору баалап, өлкөнүн тажрыйбасын өз иштеринде ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусун билдиришти. Жолугушуу суроо-жооп алмашууну жана гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрүн чечүүнүн практикалык ыкмаларын талкуулоону камтыды.