Балыкчы шаарында 3 чакырым темир жолу оңдолду
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагытемир жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле Балыкчынын көл жээгине чейин жете алышат. Бул иш-чаранын негизги максаты – жайкы мезгилде Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезддеринин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.
Негизги иштер:
- Эски рельстерди Р 65 тибиндеги жаңы рельстерге алмаштыруу;
- жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга алмаштыруу;
·Р-43 маркасындагы жебе которгучтарды Р-65 алмаштыруу;
·жебе которгучтардын брустарын алмаштыруу;
·темир жол өткөөлдөрүн капиталдык оңдоо:
- жалпы 5 км 400 м аралыкты оңдоо пландалган, анын ичинен 3 км 400 м иш аяктады.
Тартылган күчтөр жана каражаттар:
- Ишкананын жол чарба филиалынын 70тен ашуун кызматкери
- 12 даана атайын техника.
- Жумуштар уланууда.
