Медербек Сатыев Нарын облусундагы курулуш объектилерин текшерди
13 октябрь

Медербек Сатыев Нарын облусундагы курулуш объектилерин текшерди

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев курулуш иштери менен таанышуу максатында Нарын облусуна иш сапары менен барды. 

Иш сапардын жүрүшүндө төраганы Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев коштоп жүрдү.

Жеринде текшерүүнү жүргүзүүнүн себеби, өлкө башчысынын 2026-жылдын аягына чейин соттордун административдик имараттарындагы курулуш жана оңдоо иштерин аяктоо тууралуу тапшырмасы болду.

Төрага Ат-Башы жана Кочкор райондорундагы курулуш объектилеринин абалы менен, ошондой эле Нарын шаарында курула турган Адилет үйүнө бөлүнгөн жер тилкеси менен таанышты.

Таанышуу учурунда жетекчилик тиешелүү түзүмдөрдүн башчыларына бир катар тапшырмаларды берип, айрым эскертүүлөрдү жасады.