Чүй облусунда орт менен жазуу кылып “TikTok” баракчасына чыгарган жаран аныкталып калмалды
2025-жылдын 5-ноябрында саат 12:00 чамасында Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагына караштуу Сүймөнкул Чокморов айылындагы талаада белгисиз жарандар жер бетин өрттөп, “Мелстрой” деген жазууну чыгарышкан. Бул көрүнүш видеого тартылып, “TikTok” социалдык тармагына жайгаштырылган. Видео коомчулукта ар түрдүү пикирлер менен кабыл алган.
Бул факт Аламүдүн РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан видеону тарткан жаран аныкталып, ал Бишкек шаарынын тургуну, 2001-жылы туулган О.Н. экени такталып, РИИБге жеткизилип, тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.
