Ош облусунда мыйзасыз жүгүртүүдөн баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын сатууга аракет кылган кылмыштуу топ кармалды
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттө жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө гашиш баңгизатын өзгөчө ири өлчөмдө сатуу менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
Тактап айытканда, 2025-жылдын 15-сентябрында Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган А. у Т., 2005-жылы туулган Т.М.М., 2007-жылы туулган Ж.Х.А. атуу жарандар гашиш баңгизатын сатып жаткан учурда кармалышкан. Кармалган жарандардын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ага ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун кызматтык издөө ити колдонулган жана үйүндөгү муздаткычтын ичинде турган баңгизаттар табылып алынган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүндө “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
КР Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык А. у Т., Т.М.М., Ж.Х.А. аттуу жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемесине киргизилген.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
