Президент бир катар чиновниктерге эскертүү берди — тизме
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана
71-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык төмөнкүлөргө эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Салиев Алмаз Абдылдаевичке;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кимсанов Улан Ашимовичке;
- “Ош” бажысынын башчысы Кожонов Тимурлан Акуновичке;
- “Нарын” бажысынын башчысы Алимов Нурбек Шакировичке.
