15-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Карта
Бишкектин бир бөлүнүндө 15-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин суу убактылуу өчүрүлөт, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы Сарбан, Жал айылдары, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2, Селекциянын жаңы району, Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары, Сокулук району Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы) менен чектешет.
Ичүүчү суу "Баш-Кара-Суу" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

