Министр Жээнбек Кулубаев Мисирдин Тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушуу өткөрдү
5 ноябрь

Министр Жээнбек Кулубаев Мисирдин Тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Мисир Араб Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Мисир Араб Республикасынын Тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Ж.Кулубаев мырза жылуу кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Мисир Араб Республикасына жасаган алгачкы расмий сапарын жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн Б.Абделатти мырзага ыраазычылыкты билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин бул сапары эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болорун белгилешти.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Биргелешкен кыргыз-мисир өкмөттөр аралык комиссиясын түзүүнүн маанисин баса белгилешип, ишкерлер кеңештерин түзүү жана бизнес-форумдарды өткөрүү боюнча келечектүү пландарды талкуулашты.

Ж.Кулубаев мырза 2026-жылы Каир шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын маалымдап, Мисир тараптан Бишкек шаарында өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүндүгүн кароого чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Тараптар саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыкташты.