Кыргызстандын президенттигине талапкерлер 13-ноябрга чейин көрсөтүлүшү керек
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 сентябрь

Кыргызстандын президенттигине талапкерлер 13-ноябрга чейин көрсөтүлүшү керек

Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт. Бул тууралуу 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунда айтылат.

Талапкерлерди көрсөтүү укугу шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата катталган саясий партияларга, ошондой эле жарандарга өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен берилет.

Өзүн-өзү көрсөтүү үчүн талапкер БШКга талапкерлигин коюу ниети тууралуу арыз бериши керек. Ал эми саясий партия талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин жана анын шайлоого катышууга макулдугу тууралуу арызын берет.

Документтерди тапшыруудан мурда талапкер же аны көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо фондун түзүшү керек.

Талапкерди каттоо үчүн ал 35 жаштан кем эмес болушу, мамлекеттик тилди билиши жана Кыргызстанда жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган болушу зарыл. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли «ортодон жогору» деңгээлинен төмөн болбошу керек жана бул тиешелүү сертификат менен ырасталат.

Каттоо үчүн документтер БШКга 13-декабрга чейин тапшырылышы керек. Талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин аякташы кере