Кара-Кулжа менен Алайда көп тармактуу маданий борборлор салынууда
Ош облусунун Кара-Кулжа жана Алай райондорунун борборлорунда мамлекеттик кызматтарды бир жерден көрсөтүүгө багытталган заманбап коомдук-маданий борборлордун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Үч кабаттуу бул имараттарда жергиликтүү тургундар жана райондун коноктору үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Атайын долбоордун алкагында:
- кинотеатр,
- машыгуу залы,
- банк бөлүмдөрү,
- тейлөөчү уюмдар,
- конференц-зал жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар каралган.
Бул ири социалдык долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев демилгеси аркылуу ишке ашырылып жатат.
Максат — тоолуу райондордун инфраструктурасын жакшыртуу, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жаңы жумуш орундарын ачуу.
