Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
19 июнь

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлүп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тергөөнүн жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген топтун активдүү мүчөлөрү кармалды: 1966-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган М.М.А., 1987-жылы туулган С.А.Т., ошондой эле уюштуруучу катары шектелип жаткан 1997-жылы туулган А.У.А.. Кармоо иштери бир нече дарек боюнча бир убакта жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн качып кетүүсүнө жана далилдерди жок кылууга жол берилген жок.

Кармалгандардын жашаган жерлеринде жана атайын жабдылган жашыруун жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында төмөнкүлөр табылып, алынган:
    •    Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 78 к.г 660 гр. болгон баңгизаттар: апийим – 18 кг. 385 гр.,  гашиш – 60 кг. 275 гр.;
    •    Улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы ири суммадагы акча каражаттары: 40 700 АКШ доллары, 8 000 000 өзбек суму жана 303 000 сом;
    •    Электрондук таразалар, таңгактоочу материалдар жана башка баңгизат соодасына байланыштуу буюмдар.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалгандардын өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары  башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.