Кыргызстан Ташкенттеги Жогорку деңгээлдеги форумда балдар онкологиясындагы жетишкендиктерин көрсөттү
«Балдар үчүн диалог: Борбор Азия жана ЮНИСЕФ» аттуу Жогорку деңгээлдеги форумдун алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин кеңешчиси, медицина илимдеринин кандидаты Эльнура Боронбаева Кыргызстандагы балдар онкологиясы жаатындагы жетишкендиктер тууралуу доклад менен чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын айтымында, он жыл мурун өлкөдөгү балдар онкологиясына жардам көрсөтүү системасы жаңыдан калыптанып жаткан: болгону 20 керебеттик бир бөлүм иштеп, стандартташтырылган дарылоо протоколдору жок болгон, диагностикалык мүмкүнчүлүктөр чектелүү эле, ал эми бүткүл өлкө боюнча болгону эки балдар онкологу иштеген.
Мамлекеттик каржылоо жылына болгону 1 миллион сомду түзүп, бейтаптарга негизги жардамды кайрымдуулук уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр көрсөтүп келген.
Түп-тамырынан өзгөртүүгө жетишүү мамлекеттик колдоонун, Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнүн, эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусунун жана максаттуу кадр саясатынын аркасында мүмкүн болду. Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова балдар онкологиясы багытына өзгөчө көңүл буруп келет. Ал бул тармактагы улуттук иш-аракеттер планын жетекчиликке алып, профилдик клиникаларга жеке өзү барып турат жана эл аралык аянтчаларда өлкөнүн атынан чыгып, тышкы өнөктөштүктү бекемдөөгө салым кошууда.
Докладда төмөнкүдөй конкреттүү жыйынтыктар белгиленди:
- инфратүзүмдү жакшыртуу жана кеңейтүү;
- профилдик адистердин санын көбөйтүү;
- интенсивдүү жана паллиативдик терапияны уюштуруу;
- дарылоонун жаңы ыкмаларын, анын ичинде нур терапиясын жана 14 жашар бейтапка алгачкы сөөк чучугун аутотрансплантациялоону киргизүү;
- лабораториялык диагностиканын деңгээлин жакшыртуу;
- жылына аныкталган учурлардын саны 70тен 200гө чейин көбөйдү, бул диагностика мүмкүнчүлүктөрүнүн жана жардам жеткиликтүүлүгүнүн жакшырганын көрсөтөт;
- Балдар онкологиясы коомунун түзүлүшү жана улуттук иш-аракеттер планынын бекитилиши.
Мамлекеттик каржылоо 200 эсеге көбөйтүлүп, жабдууларды жаңыртууга жана дарылоо спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен түзүлгөн Балдар рагына каршы глобалдык демилгеге (GICC) кошулуп, Нидерландыдагы Принцесса Максима борбору, АКШдагы St. Jude ооруканасы жана Россиянын Балдар онкологдору коомчулугу менен кызматташтыкты орнотту. ДССУнун Регионалдык жана Өлкөлүк кеңселери менен кызматташтык эл аралык байланышты бекемдөөгө жана кыргызстандык адистер үчүн профилдик билим берүү программаларын уюштурууга негизги түрткү болду.
Эльнура Боронбаева балдар онкологиясын өнүктүрүүдөгү ийгиликтер стратегиялык мамиленин жана биргелешкен аракеттердин натыйжасы экенин баса белгиледи. Кыргызстан ар бир бала — жашаган жерине карабастан — өз убагында жана сапаттуу онкологиялык жардам алышы үчүн алдыга жылууну улантууда.
Ташкенттеги форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн балдардын ден соолугун чыңдоо жана регионалдык кызматташтык маселелери боюнча тажрыйба алмашуусуна маанилүү аянтча болуп берди.
