Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
2025-жылдын 14-сентябрында саат 09:18де Сокулук РИИБге Сокулук районунун Совхоз-Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринен 1954-жылы туулган С.В.нын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда денесинде зомбулуктун белгилери бар экендиги аныкталган.
Аталган факты каттого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө төмөндөгү аныкталды, С.В. аттуу жаран өзүнүн үйүндө айылдашы Н.Э менен спирт ичимдигин ичип отурган, алардын ортосунда чыр чыгып, анын натыйжасында Н.Э. С.В.нын денесине залал келтирип, анын кесепетинен акыркысы каза болуп, Н.Э. кылмыш болгон жерден качып кеткен.
Ыкчам-иликтөө жана тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1953-жылы туулган Н.Э.нын жургөн жери аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ал камакка алынган.
Тергөө иши боюнча айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш ишнин өндүрүшү аяктап, сотук кароого жөнөтүлгөн.
