Комитет «1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объекттерге карата мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду
8-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объекттерге карата мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Эльдар Абакиров белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине ылайык жарандардын жеке менчикке болгон укуктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, эгерде ак ниет сатып алуучу объектти адал табылган акчага сатып алса жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген бардык зарыл укук күбөлөндүрүүчү документтерди алса, ушул Мыйзам долбоору менен менчиктештирүү жол-жоболорунун алкагында жеке менчикке өткөрүп берилген объекттерди легалдаштыруу сунуш кылынат. Ошентип, ошондой документтердин бар болушу анын менчик укугун таануу үчүн талашсыз негиз болуп саналат.
Талкуу маалында депутаттар Надира Нарматова жана Айсаракан Абдибаева 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар болгондугун эске салып, коррупциялык тобокелдиктерге көңүл бурууга чакырышты. Депутат Эльвира Сурабалдиева ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвесторлорго кепилдиктерди камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле депутаттар Эмиль Токтошев жана Камила Талиева да мыйзам долбоорун колдоп, мамлекет ар дайым эле мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкара албай тургандыгын жүйө келтиришти. Депутат Айбек Алтынбеков сунушталып жаткан мыйзам долбооруна карата Министрлер кабинетинин пикирине кызыкты. Буга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мыйзам долбоорун дагы да иштеп чыгуу зарыл экендигин белгиледи. Өз кезегинде депутат Айбек Алтынбеков сунушталып жаткан демилгени сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
