Ош: "Жөө бас" каналынын корук аймагын тазалоо иштери башталат
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 12-июлда Алымбек Датка көчөсүндөгү "Жөө бас" каналынын корук аймагын бошотуу боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Мэриядан кабарлашкандай, ага ылайык "Жөө бас" каналынын жээгинде жайгашкан тосмолор, жеке менчик үйлөрдүн, соода жана коомдук тамактануучу жайлардын корук аймакта калган бөлүктөрүн алып салуу тапшырмасы берилди.
Анын ичинде Нават чайканасынын, Ош шаардык прокуратурасынын жана суу чарба башкармалыгынын, Алымбек Датка этно комплексинин ичиндеги жайкы кафенин, На углях кафесинин бөлүктөрү суу корук аймагына кирип калган.
Рейдин жүрүшүндө Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жаңы имаратынын курулушун тездетүү жана "Жөө бас" каналынын корук аймагына кирген тарабын алып салуу тапшырмасы берилди.
