Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу кармалды
16 декабрь

Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 9нан 15- декабрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 17 миң 108 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 561;
  • Мас абалында автокаражатын башкаруу – 221;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 52;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 137;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 906;
  • Авто ээнбаштык – 24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 924;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 281;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 229  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.