Юстиция министрлиги жана КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сот өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
9 январь

Юстиция министрлиги жана КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сот өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Юстиция министрлиги жана КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сот өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бул кадам өлкөнүн укуктук системасын өркүндөтүүдө жана талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын өнүктүрүүдө тыгыз өз ара аракеттенүүнүн башталышын билдирет.

Меморандумдун негизги максаттары:

  • Коммерциялык жана жарандык талаштарды натыйжалуу чечүү механизми катары бейтарап териштирүүнү жайылтууга көмөк көрсөтүү.
  • Бейтарап сот өндүрүшү жаатындагы мыйзамдарды жана мыйзамдык-ченемдик актыларды өркүндөтүү боюнча биргелешкен иш алып баруу.
  • Бейтарап териштирүүнүн эл аралык стандарттары, анын ичинде бейтарап соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу.
  • Юристтердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн билим берүү программаларын жана семинарларды уюштуруу.
  • Талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү жаатында чет элдик уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо.
  • Бейтарап процедуралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында англиялык укуктун элементтерин колдонуу практикасын өнүктүрүү.

Ошондой эле тараптар актуалдуу маалымат алмашуу, биргелешкен билим берүү иш-чараларын өткөрүү, жаңы мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгуу жана бейтарап териштирүү жаатындагы адистер үчүн билим берүү долбоорлорун колдоо боюнча макулдашышты.

Меморандумга кол коюу талаш-тартыштарды чечүүнүн заманбап жана жеткиликтүү механизмин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, КР укуктук системасына ишенимди жогорулатып, ишкердик климатты жакшыртууга шарт түзөт.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште «КР бейтарап соттор жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Бул мыйзам долбоорунда талаш маселелерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктары козголгон учурларда бейтарап соттун чечимдерин даттануу мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталууда.