Кел-Суу көлүндө жаңы этношаарча курулат
13 октябрь

Кел-Суу көлүндө жаңы этношаарча курулат

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Көк-Кыя өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн жанына этникалык типтеги туристтик лагерь курулат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоордо этникалык айыл, заманбап мейманкана, унаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары, ат аянтчасы жана башка объектилер бар.

Бул долбоордун негизги максаты туристтик лагерди иретке келтирип, эс алуучуларга заманбап кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

Туристтик лагердин алдын ала долбоору КР Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыккан.