Чүй облусунда жолдо «кок-бору» оюндун ойноого катышкан жарандар аныкталды
2025-жылдын 28-октябрында социалдык тармактарда жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Instagram баракчасына жарыяланган видео аныкталды. Видеодо 2025-жылдын 27-октябрында Панфилов районундагы жолдо бир нече чабандар улуттук оюн «кок-бору» ойноп жаткандыгы тартып алынган.
Алардын мындай аракеттери жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жараткан.
Бул факты Панфилов РИИБге катталып, тиешелүү текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында окуянын катышуучуларынын өздүгү аныкталып, алар жергиликтүү тургундар – 1995-жылы туулган О.Б. жана 1994-жылы туулган О.А. атту жарандар экендиги такталган.
Аталган жарандарга карата милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине («Майда бейбаштык») ылайык протоколдор түзүлүп, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте райондук сотко жөнөтүлдү.
