иллюстрациялык сүрөт
2 сентябрь
Кочкор-Атадагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды
Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Милициядан кабарлашкандай, ымыркай кыз шаардагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы ажатканалардын биринен табылган.
Наристе куткарылып, ооруканага жеткирилген. Ымыркайды төрөп ташкан кеткен аялдын өздүгү аныкталып, такталган. Ал 35 жаштагы аял болуп чыккан.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
