Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында Людвиг Больцман институтунун колдоосу менен “Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун натыйжалуу механизмдери: көйгөйлөр жана субъекттердин өз ара аракеттенүүсү” темасында тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттеринин жетекчилери Акимбаева Г.О., Сурабалдиева Э.Ж. жана депутаттар Култаева Г.О., Курманалиева Ж.К., Сейитказиева Э.А., ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү, профилактикалык механизмдерди өркүндөтүү, ошондой эле ченемдик-укуктук базадагы кемчиликтерди аныктоо жана жоюу маселелери каралды. Катышуучулар укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана комплекстүү, системалуу мамилени камсыз кылуу зарылдыгы айтылды.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жабырлануучуларга өз убагында жардам көрсөтүүнүн маанилүү шарты экени белгиленди.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана алдын алуунун ыйгарым укуктуу субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө сунуштар кабыл алынды. Сунуштар андан ары кароо жана ишке ашыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
