
Түп районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы катталып, эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди
2025-жылдын 7-июнь күнү саат 17:15 чамасында Ысык-көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын жана Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, Түп районунун Балбай айылынын көл жээгинен мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 1988-жылы туулган С.А. жана 1988-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалып, алардын жанынан 16 даана балык, 4 даана 400 мертди түзгөн синтетикалык тор жана 1 даана үйлөтмө кайык табылып, тиешелүү тартипте далил зат катары алынган.
Аталган факты Түп РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 17-июнунда С.А. жана Б.Б. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. 2025-жылдын 19-июнунда Түп райондук соту тарабынан аларга карата 1 айга камака алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айынын ичинде мыйзамсыз балык уулоо фактылары боюнча төрт жаран убактылуу кармоого алынган.