Бишкектин айрым конуштарында 11-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт
7 март

Бишкектин айрым конуштарында 11-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым конуштарында 11-мартта саат 09:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт.

Өчүрүү району:   Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол тилкеси - Октябрь көчөсү  менен чектешет.

«ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.