Ибраев: Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу үчүн айдоочулар күнү-түнү кезектешип иштешсин
5 ноябрь

Ибраев: Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу үчүн айдоочулар күнү-түнү кезектешип иштешсин

2025-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчы шаарында жайгашкан «Кыргызкөмүр» ААКнын «Балыкчы» филиалына барып, топ базадагагы көмүрдүн учурдагы көлөмү, ЖЭБге убагында жеткирүү иштери менен жеринде таанышты.

Министр «Балыкчы» филиалына калкка кесек көмүрдү арзан баада сатуу иштерин алып барууга уюштурулган отун базаларына үзгүлтүксүз көмүр жеткирүүнү камсыздап, күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгын болтурбоо максатында айдоочуларга кошумча штат ачып, күнү-түнү кезектешип, калкка көмүр ташуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

“Кыргызкөмүр” ААК тарабына 2025-жылдын башынан бүгүнкү күнүнө чейин 770 614 миң тонна көмүр казылып, 7,75 млн м³ кыртыш ачуу иштери жүргүзүлдү.

Калкка 429855,6 тонна көмүр казылып жеткирилди.
ЖЭБге 475759,3 тонна көмүр казылып жеткирилди.

Жалпы реализацияланган комурдун көлөмү 905614,9 тоннаны түздү.

Күз-кыш мезгилин өткөрүү учурунда калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында, “Кыргызкөмүр” ААК Республиканын облустарында жайгашкан 129 отун базалары менен келишимдер түзүлүп, иштер алып барылууда.