Кыргызстанда 329.8 миң тонна чыктуу тоют даярдалды
16 декабрь

Кыргызстанда 329.8 миң тонна чыктуу тоют даярдалды

Кыргызстанда сүт өндүрүүнүн негизи болгон  чыктуу тоюттарды даярдоого өзгөчө көңүл бөлүндү, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

2024-жылда чыктуу тоют ( силос, сенаж) даярдоо 325, миң тонна керектелгендиги белгиленген.

2024-жылдын  жыйынтыгы менен  республика боюнча 329.8 миң тонна чыктуу тоют даярдалып,  белгиленген план 101,5 % пайызга аткарылды.

Чыктуу тоют өзгөчө  Чүй, Ысык-Көл, Ош , Жалал-Абад облустарында көп даярдалды.