Ош шаарында жаңы троллейбустук линия курулууда
27 май

Ош шаарында жаңы троллейбустук линия курулууда

Ош шаарында жаңы №3 троллейбустук линиясынын курулушуна старт берилди, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Жаңы троллейбустук багыт Курманжан-Датка көчөсүнөн баштап (“Барсбек каган” эстелиги) Б. Осмонов көчөсү аркылуу өтүп, Ак-Тилек кичи районун карай жүрөт. Жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт.

Мезгил кутучасын салуу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Учурда шаарда эки троллейбус каттамы иштеп жатат: №1 линия А.Масалиев көчөсү аркылуу, №2 линия болсо Курманжан-Датка көчөсү аркылуу каттайт.

Үчүнчү линиянын маршруту Курманжан-Датка көчөсү аркылуу Г.Айтиев көчөсүнө түз чыгып, Б.Осмонов көчөсүнөн өтөт. Андан соң, Р. Абдыкадыров көчөсүнө келип, андан ары Амир-Тимур көчөсүнөн жүрүп, кайра Г.Айтиев көчөсү аркылуу Юго-Восток кичи шаарчасына (Ош технологиялык университети) чейин жүрөт.

Алдыда №4 линияны куруу каралган. Бул каттам Б.Осмонов көчөсу аркылуу Учар айылынан өтүп, Куренкеев көчөсүн бойлой жүрүп, кайра Ленин көчөсүнө кайтат.

Белгилей кетсек, бардык троллейбус каттамдары айланма негизде иштеп, шаардыктарга туруктуу жана ыңгайлуу кызмат көрсөтөт.