ЖК комитети Башкы прокуратурада санариптештирүү маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү
Башкы прокуратурада бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Көчмө жыйындын алкагында, Башкы прокуратура тарабынан укук коргоо органдарын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктер тааныштырылып,
- «Кылмыштардын бирдиктүү реестри»,
- «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри»,
- «Ишкердик субъекттерин текшерүү реестри»,
- «Электрондук документ жүгүртүү системасы»,
- «Төлөм» укуктук порталы сыяктуу масштабдуу автоматташтырылган маалыматтык системалар, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын бир катар маалыматтык булактары көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары автоматташтырылган маалыматтык системаларга байланыштуу суроолоруна жооп алышып, прокуратура жана укук коргоо органдарын санариптештирүүнү илгерилетүү боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.
