
ДНК изилдөөлөрүн жүргүзүү укугун УКМКга берүү тууралуу мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында ««Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков белгилегендей, аталган мыйзам долбоору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жарандарга молекулярдык-генетикалык (ДНК) изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан ыйгарым укуктарды берүү максатында иштелип чыккан.