Кадамжайда жаңы ФАПтын курулушу башталды
Кадамжай районунун Жийделик айылында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) миаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова катышты.
Праламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай,
жаңы ФАПтын курулушу “Ас-Сафа” Борбору коомдук бирикмеси тарабынан каржыланууда.
Курулуш аяктагандан кийин долбоордун алкагында ФАП заманбап медициналык жабдыктар менен толук камсыздалат. Бул демилге айыл тургундарын сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылуу жана аймактардагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында ишке ашырылууда.
Айыл тургундары бул аймакта 1000ден ашуун калкты тейлөө үчүн жаңы ФАП куруу зарылчылыгы көптөн бери бар экенин билдиришти. Жаңы имараттын курулушу жергиликтүү калк үчүн медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү бир топ жакшыртат.
