Ош шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча форум өттү
Бүгүн, 6-апрелде Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган “Тарбия башаты – үй-бүлөдөн башталат” аталышындагы форум өткөрүлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, форумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, психологдор жана ата-энелер катышты.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык колдоо көрсөтүп, практикалык кеңештерин берди.
Жыйынтыгында ата-энелер менен мектептердин өз ара байланышын чыңдоо, балдардын психологиялык абалын туруктуу көзөмөлдөп туруу жана алдын алуу иштерин системалуу жүргүзүү боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты.
Форумдун негизги максаты – үй-бүлөдөгү тарбиянын ролун жогорулатуу, өспүрүмдөрдүн психоэмоционалдык абалына көңүл буруу жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө аркылуу коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат. Бул сыяктуу иш-чаралар коомдогу үй-бүлөнүн ролун арттырып, балдардын туура тарбия алуусуна өбөлгө түзөрү белгиленди.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 13-17-апрель күндөрү Ош шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуган өспүрүмдөрдүн психоэмоционалдык абалына баалоо жүргүзүлөт.
