Энергетика министри Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди
5 ноябрь

Энергетика министри Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

«Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Шакир Саидов курулуш тууралуу кеңири маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык журүп жатканын билдирди. Тактап айтканда ГЭСтин жалпы курулуш иштери 75%га аяктады.

Мындан тышкары, ал учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп бүтүп, суу топтолушуна тосколдук жаратпарын белгилеп, узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык тоннели казылып бүтүп, анын 624 метри бетондолуп бүткөнүн айтты.

Энергетика министри курулуш өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керектигин белгилеп, «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Шакир Саидовго курулуштун жүрүшүн катуу көзөмөлгө алуусун тапшырды.

Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.