Таласта кызыл сызык чегинен ашкан курулуштар алынууда
13 июль

Таласта кызыл сызык чегинен ашкан курулуштар алынууда

Талас шаарындагы Токтогул көчөсүндө тротуар салууга тоскоолдук жараткан “кызыл сызык” чегинен ашкан курулуштар алынууда. Буга чейин мэрия тарабынан үй ээлерине алдын ала эскертүүлөр берилип, тургундарга турак-жай, тосмо жана дарбазаларды артка жылдыруу талабы коюлган.

Аны аткарбагандарга атайын техника барып, курулуштардын кызыл чийимден чыккан бөлүгүн бузууга аргасыз болду. Бул боюнча тургундар менен Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Долбоор боюнча Талас шаарындагы 14 көчөгө 54 чакырым аралыкта тротуар басылат. Көчөлөрдү кеңейтүүдө кызыл сызык чегинен чыккан 1600дөн ашык мыйзамсыз курулуштар артка жылдырылган