Кадамжайда өспүрүм сууга чөгүп каза болду
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 2013-жылы туулган бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Каргашалуу окуя 18-июнда саат 20:50 чамасында болгон.
"Миң-Чынар айылынын тургуну жашаган аймагындагы суу өтүүчү каналга кокусунан түшүп кетип, тумчугуп каза болгон", – деп айтылат маалыматта.
Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экендигин билдиришкен. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Бул факты Кадамжай РИИБде катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
