«Доор өзгөрткөн аялдар». Акназарова: Саясаттагы аялдын жогото турганы бар...
Кечээ, 6-мартта Бишкекте аялдар кыймылынын 100 жылдыгына арналган «Доор өзгөрткөн аялдар лидерлиги – 100 жыл» аталышындагы улуттук форум болуп өттү. 1925-жылы түптөлгөн аялдар кыймылыгына бул жылы 100 жыл толду. Бул убакыт аралыгында аялдардын өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролу бекемделип, алар өздөрүн ар кайсы тармактардан сынап келишет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда аялдар жетектеген чакан ишкерчилик 21 пайызга, орто ишкерчилик 16 пайызга жана ири ишкерчилик 21 пайызга өскөн. Ошондой эле бул жылы Кыргыз Республикасынын «Шайлоо тууралуу» мыйзамына өзгөртүү сунушталып, анда өлкө аймагын 30 округга бөлүү жана Жогорку Кеңешке депутаттарды бир мандаттуу, башкача айтканда, өзүн өзү көрсөтүү менен шайлоо, ар бир округдан 3 депутат шайланса, анын үчүнчүсү сөзсүз түрдө аялдар болушу керектиги белгиленген.
100 жылда доор өзгөрткөн аялдардардын» бири, экс-депутат жана экс-эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Роза Акназарова белгилегендей, 8-март – аялдардын саясий укугу үчүн күрөшүнүн күнү болуп саналат. Ошондой эле, ал болуп өткөн улуттук форум Кыргызстан аялдарынын укуктары көп өлкөлөрдөгү аялдар укуктарына салыштырмалуу бир топ алдыда экенин көрсөткөнүн белгиледи.
«1925-жылы 105 лидер аял аялдардын укугун өзгөртүү боюнча съезд өткөрүшкөн. Ошондон бери өлкөнүн өнүгүшүнө аялдар да өз салымын кошуп, көп тармактардын лидери болушту», – дейт ал.
Роза Акназарова мамлекеттик, саясый түзүмгө аралашкан аялзаты эмнеден көп аксаарын мындайча белгиледи:
«Аял үчүн татаал нерсе – анын жогото турганы бар. Мисалы, бир аялдын туура эмес жоругу, ошол эле саясаттагы туура эмес кадамы бүт аялдарга көлөкө түшүрөт. Туура эмес жасаган иши «аялдардын баары ушундай» деген түшүнүк менен кабыл алынат. Андан сырткары, аялдар финансы жактан эркектердей күчтүү эмес. Амбициясы бар, бирок чегинен ашпайт. Азыр шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, гендердик квотаны сактоого умтулуп жатабыз. Анткени, буга чейин партиялык система болгондо аялдар көбүнчө четте калып кеткен, ошол системанын каалоосуна жараша тандалып алынган. Дээрлик бардык саясый партиялардын жетекчилери эркектер экени белгилүү.
Бул албетте, маселе жаратты. Эми жаңы мыйзамга ылайык, депутаттар бир мандаттуу жана партиялык тизме менен шайланышат. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланат жана анын бирөөсү сөзсүз түрдө аялдардан болот. Ошентип, Жогорку Кеңештин 30 пайызын аялдар түзөт. Бул аялдардын укугун, мамлекеттик иштерге, өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга аралашуусун бекемдейт», – деди Роза Акназарова.
