КРВИ жана сасык тумоо — оорунун алдын алуу чаралары
КРВИ, сасык тумоо жана сасык тумоого окшош оорулардын жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз;
- Дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу);
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо;
Оору жуктуруп алган учурда алгач жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.
