Ош шайлоого даяр! Шаардык штабдын жыйыны өттү
28 ноябрь

Ош шайлоого даяр! Шаардык штабдын жыйыны өттү

Бүгүн Ош шаарында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйынга Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын жооптуу төрагалары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында шайлоо күнү электр энергиясы, жылуулук жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле башка зарыл шарттарды түзүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Коомдук коопсуздук боюнча Ош ШИИБдин, ал эми электр энергиясы боюнча Ош РЭТ жана Сулайман-Тоо РЭТтин өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Кулийпа Бердибекова даярдык иштери өз нугунда жүрүп жатканын белгилеп, мэрия тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ош шаарынын мэринин орун басары Адилет Шаршеналы уулу шайлоо өнөктүгүн тынч, коопсуз жана үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча бардык кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди.