Электр энергиянын массалык өчүрүлүүсү: өлкө дагы деле энергетикалык кризистеби? 
19 июнь

Электр энергиянын массалык өчүрүлүүсү: өлкө дагы деле энергетикалык кризистеби? 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кечээ, 18-июндагы жана бүгүн, 19-июндагы электр энергиянын жалпы өчүрүлүүсү тууралуу маселе көтөрдү. 

“Кечээ жана бүгүн электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Бул өлкө дагы деле энергетикалык кризисте экенин чагылдырып турат. Эмне себептен ушундай болгону дагы деле маалымдала элек”, – деди депутат. 

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов электр энергиясын берүү кыска мөөнөткө гана үзгүлтүккө учураганын белгилеп, бул техника экенин эске салды. 

“Ооба, үзгүлтүккө учурады, бирок кыска мөөнөткө гана. Бул деген техника да. Биздин ыкчам маалыматтарга караганда, автоматика иштеп кеткен, ошондуктан электр энергиясы каскад ыкмасы менен өчүп калган. Этап-этап менен калыбына келтирдик. Эч нерсе күйүп кеткен жок, баары иштеп жатат. Ашыкча жүк да болгон эмес. Азыр эмне себептен мындай болгонунун так себебин иликтеп жатабыз”, – деди ал.