Спикер ИИМге болушту: милиция колунан келишинче иштеп жатат, бир жактуу пикир айтуудан алыс болгула
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында: “Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары туура, так иштеп калды”, – деди.
Ал бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашеванын билдирүүсүнө жооп катары айтты. Мамашева балдарга карата зомбулукту иликтөөдө укук коргоо органдары кайдыгер болуп, тергөө амалдары убагында жүрбөй жатканын билдирген болчу.
“Биринчиден, албетте, коомдо тириукмуш окуялар болуп жатканы өкүнүчтүү. Мындай жат көрүнүштөр менен жеке ИИМ эмес, жалпы коомчулук, ата-энелер да күрөшүүбүз керек.
Экинчиден, ИИМдин дарегине “иштебей жатат, милиция коргобой жатат” деген бир жактуу пикир айтуудан алыс болуңуздар. Азыркы ИИМдин иши мурдагыга салыштырмалуу абдан жакшы. Азыр аларда каражат, заманбап жабдыктар жетиштүү, колдорунан келгенче иштеп жатышат. Убагында “менин милициям мени кордойт” дегенге чейин барып калганбыз, а азыр “менин милициям мени коргойтко” өтө баштадык. Ошондуктан, жеке көрүнүштөрдөн улам жалпы милиция кызматкерлерине бир жактуу баа бербеңиздер. Алар жакшы иштегени үчүн акыркы убакта кылмыштуулук азайып, кылмыш иштеринин бетин ачуу көбөйүп жатат”, – деди спикер.
