Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлени пара берүүгө шектүү жаранды кармашты
5 ноябрь

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлени пара берүүгө шектүү жаранды кармашты

2025-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин №3 ШМБнын КККнын башчысы милициянын капитаны К. М. Бишкек шаарнын Октябрь райондук Тергөө судьясы тарабынан мурда административдик жаза катары 5 суткага каммака алынган жаран Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин №3 ШМБнын КККнын милициянын аймактык ыйгарым өкүлү милициянын лейтенанты Р.М. тарабынан профилактикалык негизде баарлашу учурунда паспорту жасалма болгондугуна байланыштуу акча каражатын сушутап жатат деген билдирме менен кайрылган

2025-жылдын 28-октябрь күнү Октябрь РИИБдин кызматкерлери атайын тергөө амалдарын жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө чет элдик 1984-жылы туулган М.Т.А. жана 1988-жылы туулган Б.С.А. аттуу жарандар иштин жагдайын оң тарапка чечип берүүсү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин №3 ШМБнын КККнын башчысынын иш бөлмөсүндө 900 АКШ доллар акча берип жаткан жеринен кармалган.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактынын негизинде мамлекеттик кызматкерлерге өз кызыкчылыгын чечүү максатында пара берүү -бул кылмыш болуп эсептелинет жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Тергөө амалдары уланууда.